Биз менен байланышыңыз

Алайда памирлик кыргыздарга үйлөр курулууда

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 887 | 0

Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар үчүн Алайда үйлөр курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

21-майда Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында Памирден келген кыргыздарга делген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты. Курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен атайын 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Маалыматка ылайык, 1,2 гектар аянтка 7 үй курулат. Аталган үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүлүп келинет.

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына памирлик кыргыздардын 11 үй бүлөсү, жалпы 50 киши көчүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM