Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Медиа-омбудсмендер институту курулат

Дүйнө | 8 Фев 2019 | 570 | 0

Өзбекстанда Медиа-омбудсмендер институнун курулушу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Маалымат жана байланыш агентигинин басма сөз кызматы маалымдаган.

Медиа-омбудсмен ЖМКнын укуктарын жана мыйзамдарын аткарууну көзөмөлдөйт жана журналистердин иштерине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнөн коргомокчу. Ошондой эле ЖМК менен мамлекеттик органдардын жана физикалык, юридикалык жактардын ортосундагы ар кандай тартышууларды чечмекчи.

Мындан сырткары Журналистикалык этикалык кодекстин сакталуусун көзөмөлдөмөкчү.

Медиа-омбудсмендер институту журналистердин этикалык жана укуктук маданиятынын бекемделишин камсыздамакчы.

Copyright © 2017 Maral FM