Биз менен байланышыңыз

УКМК экс-министр Батыралиевдин кылмышка шектүү экендигин кабарлады

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 707 | 0

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эсептөө палатасынын УКМКга берген актысына ылайык, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында Саламаттык сактоо министри кызматында иштеп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

4-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн.

Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Талантбек Батыралиев 2014-2018-жылдары Саламаттыкты сактоо министри болуп турган.

 

Copyright © 2017 Maral FM