Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Жарандын иши 48 күн бою каралган эмес

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 561 | 0

Акыйкатчыга С.А. аттуу жаран бир тууганы О.Анын атынан Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын арызында 2014-жылы Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери анын бир тууганына Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Бирок кылмыш аткарылган убакта милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш кылды деп эсептелген О.А. аттуу жаран тойдо болгон. Ага тойго катышкан 326дан ашуун адам жана тойдо болгондугун тастыктаган сүрөттөр күбөлүк кылат .

Мындан сырткары арыздануучу бир тууганынын 2013-жылдын май айынан баштап кармалганга чейин Екатеринбург шаарында болгон. Бул мезгил аралыгында ал Кыргызстанга болгону 4 жолу; 2013-2014-2015-2016-жылдары туугандарынан кабар алуу үчүн гана келген.

2017-жылдын 25-октябрында Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери К. Калышев О.А. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин негизинде сырттан күнөлүү катары көрсөткөн. Ошондой эле камакка алуу үчүн издөө жарыялаган.

2018-жылдын 3-июлунда Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын өтүнүүсү боюнча Орусиянын Екатеринбург шаарында кармалып, аталган шаардын Убактылуу кармоочу жайына алынган. Ошол жылдын 18-декабрында туугандарынын жардамы менен Ош шаарындагы бешинчи убактылуу кармоочу жайга которулган.

Арыздануучунун арызы боюнча, кылмышкер которулгандан кийинки 48 күндүн ичинде (04.02.2019) тийиштүү органдар тарабынан эч кандай иликтөө иштери жүргөн эмес. Бул убакыт аралыгында ишти караган тергөөчүлөр 2 жолу алмашкан жана К. Калышев өргүүдөн келгенден кийин иш кайра өткөрүлүп бериле тургандыгы айтылган. Башкача сөз менен айтканда, Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бюрократия менен алек болушкан.

Акыйкатчыга кайрылган С.А. аттуу жаран иликтөө иштеринин узака созулуп кетүүсүнөн жана бир тууганынын мыйзамсыз түрдө камакка көп убакытка кармалып туруусуна тынчсызданат. Ошондой эле ал Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине жана Прокуратурасына ишенбөөчүлүк жана мыйзамдардын аткарылышына нааразычылыгын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM