Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев салык кызматынын коллегиясына катышты

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 470 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйын жүрүшүндө мамлекеттик бюджеттин 2018-жылкы киреше бөлүгүн аткаруу маселеси, салыктык карыздарды өндүрүү боюнча иштин жыйынтыгы жана учурдагы башка маселелер талкууланды.

Отчеттук мезгилде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 79 млрд 583,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. 2017-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүшү 6 млрд 122,6 млн сомго же 8,3 пайызга көбөйгөн.

Ал эми 2019-жылдын 1-январына карата салык карызы 2 млрд 329,9 млн сомду түздү, бул 2018-жылдын 1-январына салыштырмалуу 106,4 млн сомго кыскарган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, салык салуу тармагындагы мамлекеттик саясатты мындан аркы толук кандуу ишке ашырууну талап кылуу менен салык кызматындагы салыктык милдеттердин баарын бириктирүүгө даярдык жүрүп жатат.

Ошону менен бирге Абылгазиев саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү боюнча өкмөт койгон милдеттерге Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин көңүлүн бурдурду.

 

Copyright © 2017 Maral FM