Биз менен байланышыңыз

Энес Кантер клубунан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 530 | 0

Американын баскетбол боюнча улуттук лигасы NBAдин жылдыз оюнчусу түркиялык Энес Кантер өзү ойногон New York Knicks клубунан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан кабарлады.

Бул жылдын трансфер сезонунун акыркы күнү болгон 7-февралда Кантер сыяктуу 14 баскетболчу эркин калышты. Алар өз клубдары менен түзүлгөн келишим боюнча маяналарын да ала берет, ошол эле учурда каалаган клубу менен жаңы келишимдерди түзө алат. Азырынча Кантерди курамына кошууга кызыкдар тараптар көп, сап башында NBAнын алдыңкы клубу Boston Celtics бар.

Акыркы кездерде клуб белгисиз себептер менен Энести беттештерге чыгарбай жатканына нааразы болгон Knichsтин күйөрмандары соңку алты оюнда «We want Kanter (Кантердин ойношун каалайбыз)!» деген чакырыктар менен оюнду коштоп турушту. Мыкты оюнчусун четте тутууну улантса колдоочуларынын чуусу күчөп кетери бышык болчу. Бир тараптан кийинки сезондо курамына көбүрөөк мыктыларды алууну көздөгөн Knicks озүнүн жылдыз оюнчусун бошотту.

Эске салсак, Энес Кантер январь айында Англияда өткөн беттешке коопсуздугунан чочулап катышкан эмес. Анткени түрк бийлиги аны Фетхуллах Гүленди колдогон ачык пикирлери үчүн түрк жарандыгынан чыгаруу менен ар түрдүү опузаларды айтып келген. Буга байланыштуу чет өлкөдө жашаган айрым түрк жарандарынын чагымдары баскетболчуну сак болууга мажбур кылып келген.

Энес Кантер NBAнын эң мыкты оюнчусу наамынын соңку төрт-беш жылдагы башкы талапкерлеринин бири.

Copyright © 2017 Maral FM