Биз менен байланышыңыз

«Prime Capital Retail and Management» компаниясы айыл чарба тармагында кызматашууга даяр

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 579 | 0

Бүгүн, 7-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана айыл чарба продукциясын сатуу маселеси боюнча казак компаниясы ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында кыргыз тараптын атамекендик айыл чарба продукциясын Казакстандын рыногуна экспорттоого кызыкдарлыгын билдирди.

Өз кезегинде «Prime Capital Retail and Management» компаниясынын өкүлдөрү кыргыз дүң-бөлүштүрүү борборлору менен айыл чарба продукцияларынын бардык түрлөрүн сатып алуу боюнча өз ара кызматташууга  даяр экендиктерин билдиришти.

 

Copyright © 2017 Maral FM