Биз менен байланышыңыз

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 23 млн доллар өлчөмүндө грант берет

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 644 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Бул макулдашуунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргызстанга 38 жылдык мөөнөткө 0,75% пайыз менен 23 млн доллар өлчөмүндө кредит, ошондой эле 23 млн доллар өлчөмүндө грант берүү менен колдоо көрсөтөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM