Connect with us

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен болгон Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилет

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 976 | 0

Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификацияланды. Мындай мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Макулдашуунун максаты — бардык райондук ооруканаларга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын пилоттук уюмдарына Саламаттыкты сактоодогу Жыйынтыктардын негизинде каржылоо долбоорунун ишин кеңейтүү болуп эсептелинет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM