Биз менен байланышыңыз

“Айыл чарбасын каржылоо — 7” долбоорунун тиркемеси иштелип чыкты

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 613 | 0

Кыргызстанда жазгы себүү иштеринин алкагында “Айыл чарбасын каржылоо — 7” долбоорунун жаңы тиркемеси иштелип чыкты.  Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор мурунку долбоордон айырмаланып, насыяны иштетүүгө 6 айлык мөөнөт берет. Өкмөт январь “Айыл чарбасын каржылоо — 7” долбоорун ишке киргизди. Бул жерде 2018-жылдагы долбоордон айырма болуп экспортко багытталган 11 азыктын түрү эсептелет. Эгер дыйкандар жана кайра иштетүүчүлөр экспортко багытталган азыктар менен иштесе, алар 6%дык насыя ала алышат. Багбанчылык, токой, урук чарбаларын жакшыртуу боюнча иш алып барса, аларга 8% насыя каралган. Ал эми 10%дык насыя мал чарба жана өсүмдүк чөйрөсүндө иш алып барган дыйкандарга берилет.

Долбоор өз ишин үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып баштаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM