Биз менен байланышыңыз

Эмил Осмонбетовдун кызматтан алынбаганынын себеби айтылды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 479 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев эмне себептен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов иштен алынбагандыгы тууралуу маалымат берди.

Ал билдиргендей, 30-январь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинде жер пайдалануу тармагында кемчиликтер жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кеп болгон.

Ушул жумада премьер-министр комитеттин башчысы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын эки орун басарларын кызмат оордунан бошотуу чечимин кабыл алган. Бул жерде эмне себептен Осмонбетовдун өзү иштен алынган жок деген суроо туулат. Бирок материалдарды даярдоодо Осмонбетов өзү жер казынасын пайдалануу тармагы өзгөртүүлөргө муктаж экендиги тууралуу маалыматтарды табууга жардам берди”, — деп түшүндүрдү ал.

Айта кетсек, Кыргызстанда бир киши эки жыл ичинде алтын кендерин иштетүү үчүн 41 лицензия алган. Бул боюнча схеманы Башкы Прокуратура жарыялады. Лицензия берилген кендердин жалпы аянты 400 миң гектарды түзөт. Анын баарына бир гана Э.Жумаев аттуу адам ээлик кылып келет.  Мындан улам мамлекет башчы «тоо кен тармагы коррупцияга белчесинен малынып» калган деп сындаган.

Copyright © 2017 Maral FM