Биз менен байланышыңыз

Карашев: Жаңы уран кенин ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 462 | 0

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү боюнча жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Анда ал Кыргызстан буга чейин уран кенин иштетип келгенин, алар 50-60 жыл мурун жабылганын эске салды.

-Ошол кендердин кесепетин бүгүнкү күнгө чейин баштан өткөрүүдөбүз. Майлы-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай шаарчаларында бул маселе дагы эле бар. Эл аралык уюмдардан каражат алып деле, калдыктарды талапка ылайык сактай албай жатабыз. Жаңы уран кенинин бизге канчалык зарылчылыгы бар?

Депутат Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы пайдалануу агенттигин уран кенин иштетүүгө лицензия бергени үчүн сынга алды.

Кошумчалай кетсек, Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жер казынасын пайдалануу боюнча келишимге кол коюлган. Анын негизинде Кызыл-Омпол кенин жакшыртуу долбоору каралган.

Copyright © 2017 Maral FM