Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Уран казууну эл чечсин

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 720 | 0

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уран кенин казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. «Марал» радиосуна демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов мыйзамдын максатын төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Уран маселесин мыйзам аркылуу чечүүнү сунуштадык. Биз демилгелеген мыйзам долбоорунда 2070-жылга чейин Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салуу каралган. Анткени, 2070-жылга чейин уранды зыянсыз казууга жаңы технология, прогрессивдүү эрежелер пайда болот. Уран — бул эбегейсиз акча турат, ал кымбат баалуу кен байлыгы. Бирок, экологияга, адамдын саламаттыгына тийгизген зыяны андан да чоң. Ошондуктан, биз биринчи кезекте экологияны сактап, адамдардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, мораторийди жакынкы 10-15 жылда бузууга эч кимдин колу барбайт. Себеби, эл ага жол бербейт.

Эске салсак, 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти токтотуп турууну тапшырган. Бүгүн вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган атайын топ жеринен таанышууга кетти.

Copyright © 2017 Maral FM