Биз менен байланышыңыз

2-аскердик базаны ачуу маселесин президент жана Коопсуздук кеңеши караган эмес

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 550 | 0

Кыргызстанга Орусиянын 2-аскердик базасын ачуу маселеси президент жана Коопсуздук Кеңеши тарабынан каралган эмес. Бул тууралуу кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында айтты.

Анын белгилешинче, дүйнөдөгү диний террористтик коркунучтар коопсуздукту бекемдөө муктаждыгын пайда кылды. Сириядагы террористтердин тобу Афганистандын түндүк тарабына көчүп келип жайгашып жатышат. Мындай кырдаал Борбордук Азиядагы өлкөлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошол кырдаалда Тажикстандагы жана Кыргызстандагы базалар олуттуу каршылык көрсөтөт.

Кошумчалай кетсек, Орусияга жаңы дайындалган Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде президент Владимир Путиндин Бишкекке болгон сапарында 2-аскердик базаны ачуу маселеси каралышы мүмкүн экенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кремлдин мындай демилгеси жок экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM