Биз менен байланышыңыз

Илмияновдун 150 миң доллар пара алганы аныкталды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 1577 | 0

Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икражан Илмиянов кылмыш ишин жабуу үчүн 150 миң доллар пара алган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 7-февралда билдирди.

Анын айтымында, президенттик аппараттын мурунку башчысынын орун басары Илмияновдун иши боюнча тергөө иштери уланууда.

“Чет элдик компанияга каршы козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн алардан Илмиянов 150 миң доллар пара алганы такталды. Буга байланыштуу автоунааларды камакка алуу чечими жокко чыгып, кийин алар өлкөдөн чыгарылып кеткен”,-деди Сагымбаев.

Эске салсак, 19-октябрда Икрамжан Илмияновго «Коррупция» беренеси боюнча иш козголуп, ага издөө жарыяланган. 20-октябрда болсо ал Москвада кармалып, Кыргызстанга алып келингени кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM