Биз менен байланышыңыз

Бүгүн аба ырайы кескин төмөндөйт

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 554 | 0

Бүгүн, 7-февралда аба ырайы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай туруксуз аба ырайы 9-февралга чейин кутүлүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -22 чейин,  тоолуу аймактарда -38 чейин төмөндөйт. Туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосуна кыйынчылык жаратат.

ӨКМ Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскертет.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM