Биз менен байланышыңыз

АКШ Израилдин «ракета тоскучун» сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 533 | 0

Америка Израилден «Темир купол» ракета тоскуч согуштук куралдарын сатып алат. Мындай жакынкы аралыктагы ракеталык чабуулдарга каршы күрөшүүчү куралдар Израилде 2011-жылдан бери колдонулуп келет.

Вашингтон куралдарды сатып алуудан мурда аны сынап көрүүнү чечти. Ошентсе дагы  бул сунуштун өзү эле Тель Авивди кубантты.

Премьер-министр Буньямин Натеньяху: «Бул өнөктөш Америка өлкөсү менен болгон достук мамилебизди дагы да тереңдетет. Ошондой эле Израилдин дүйнөлүк аренада кабыл алынуусунун белгиси болуп саналат»,-деди.

«Темир купол» 150 чарчы чакырым радиуста ракетанын аралыгын, ылдамдыгын жана траекториясын так аныктап, аны жок кылуу үчүн «Тамир» ракетасын учурат. Анын таамайлыгы 90%га жетет.

Аталган курал Израилдин «Rafael» мамлекеттик коргонуу компаниясы тарабынан иштеп чыгарылган. Аны өндүрүүгө мамлекеттик бюджеттен олчойгон каражаттын бөлүнүшү өкмөткө карата сын пикирлерди күчөткөн болчу.

Эске салсак, Америка Израилдин Палестинанын аймагында түптөлүшүндө, согуштук аракеттеринде жана Палестина менен кагылыштарында дайым колдоп келет. Өткөн жылы президент Трамп Палестинанын борбору катары таанылган талаштуу Иерусалим шаарын жөөттөрдүн каалоосуна ылайык Израилдин борбору деп тааный турганын жарыялап, АКШнын Тель Авивдеги элчилигин Иерусалим шаарына көчүргөн. Бул эл аралык коомчулуктун каршылыгына дуушар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM