Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек президенттери өз ара мамилени тереңдетүүнү убадалашты

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 624 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Өзбекстандын президенти Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга бүгүн келди.

Мамлекет башчылар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы күн тартибиндеги соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу тууралуу талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аракеттешүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM