Биз менен байланышыңыз

«Трансплантология борборун ачуу үчүн 2 млн 150 миң долларлык аппарат керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 527 | 0

Трансплантология борборун ачуу үчүн 2 млн 150 миң долларлык медициналык аппарат сатып алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, боор ооруларына жардам берип жүргөн демилгелүү топтун катышуучусу Эркингүл Иманкожоева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги гемодиализ үчүн 2013-жылы 1 млн 400 миң долларга, ал эми 2014-жылы 5 млн 500 миң доллорга тендер өткөрүп, керектүү аппарат алган. Бөйрөк оорусунан улам гемодиализ аппаратында 1500дөй адам турат. Аларга бюджеттен жылына 7 млн 401 миң долларга жакын каражат сарпталууда.

“Гемодиализ аппаратынын ордуна орган алмаштырууга тийиштүү медициналык жабдыктарда алуу зарыл. Жабдык алып, адистер иштей берсе, трансплантология борбору паралеллдүү түрдөө курула бермек. Бизде акча дагы бар. Алсак, гранттар келип, ратификациядан өтүп жатат. Бирок алар негиздүү багытка жумшалбай жатат. Элдин ден соолугу чың болбосо, кайдагы “Таза коом”? Өкмөткө да, президентке дагы кайрылып айтарым, медициналык жабдыктарды алмашытырып, трансплантология борборун куруу маселесин көтөрсө», — дейт Иманкожоева.

Ал мындан сырткары, өлкөдө органдарды алмаштыруу боюнча мыйзам иштебей жатканын сынга алды.

«Орган алмашыруу үчүн өлкөдө кесипкөй дарыгерлер да бар. Бирок жабдыктар абдан эскирген. Жакында өзбек лидери өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине трансплантология борборун куруу тапшырмасын берди. Кыска аралыкта борбор салынбаса, министрди иштен аларын айтты. Бул президенттин элине болгон камкордугу. Ал эми биздин Саламаттыкты сактоо министрибиз келген гранттарга кымбат жол тандабастарды алып, айдап жүрөт. Бул маселени Жогорку Кеңеште дагы карашты. Бирок жол тандабас жөнүндө эмес, оору, орган алмаштыруу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлүшү керек», — дейт Иманкожоева.

Ал кошумчалагандай, 2017-жылы өлкөдө боор жана бөйрөк дартынан улам 136 адам опреция жасаткан. Алардын ичинен 26 бейтап Кыргызстанда (боор дартынын 6, бөйрөк оорусунан 20), калган 110 адам чет өлкөдөн дарыланган.

Иманкожоева өлкөдө бөйрөк оорусунан жабыр тарткандардын саны өсүп жатканына тынчсызданды.

Copyright © 2017 Maral FM