Биз менен байланышыңыз

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандар үчүн гемодиализге бюджеттен каражат бөлүнөт

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 463 | 0

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына республикалык бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет. Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтомунда бекитилген. Бул тууралуу Өкмөтттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди. 

Бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, тагыраак айтканда, бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат. Гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай бою сеанс чектелбестен көрсөтүлөт. Төлөмү тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

 Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM