Биз менен байланышыңыз

Мэрия Нооруз майрамына 2 млн сом жумшайт

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 629 | 0

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 1 млн 800 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Көрсөтүлгөн каражатты шаардык бийлик Нооруз жана 8-март майрамына карата 10,5 миң чарчы метрлик баннер чыгаруу үчүн жумшайт.

Ошондой эле айрым көчөлөр жана троллейбустар дагы кооздолорун басма сөз кызматы билдирет.

«Бул каражат бир гана көрнөк-жарнактарга кетпейт. Борбордук аянтты жана парктарды кооздоо да кирет. Агропромдун имараты, Чүй, Манас жана Айтматов көчөлөрү дагы майрамдык болуп жасалат», — деди

Эскерте кетсек, былтыркы жылы Нооруз майрамы үчүн Бишкек шаардык мэриясы 1,1млн сом короткон.

Copyright © 2017 Maral FM