Бүгүн, 6-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жетекчилиги астында Евробиримдиктин мүчөлөрү, министрликтердин жана ведомстволрдун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Евробиримдиктин 2018-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы каралып, бир катар программалардын ишке ашырылуусу боюнча отчет берилди.
Жыйындын аягында Евробиримдиктин 2019-жылда аткарыла турган пландары каралды.