Биз менен байланышыңыз

Зарылбек Сатаев Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланды

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 470 | 0

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тарабынан Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна сунушталган Зарылбек Сатаевдин талапкерлиги каралды. Аны депутаттарга Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев тааныштырды.

Зарылбек Сатаев буга чейин Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык, Чүй жана Талас облустук бөлүмдөрүндө иштеп келген.

Жашыруун электрондук добуш берүү жыйынтыгында Зарылбек Сатаев депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен  Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланды. Мыйзамга ылайык, ал бул кызмат ордунда 5 жылдык мөөнөт менен иштөөгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM