Биз менен байланышыңыз

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 477 | 0

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кошой Исалиев дайындалды.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Текеева ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков  кол койгон.

Белгилей кетсек, Кошой Исалиев жогорку билимдүү, 1982-жылы Фрунзе айыл чарба институтунун айыл чарбасын механизациялоо бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун “Прогресс” колхозунда  башкы инжинер болуп баштаган. Андан соң бир катар кызматтарда жетекчи болуп иштеп, 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик статистика башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүн жетектеп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM