Биз менен байланышыңыз

Кытай жараны 1000 ден ашуун почта маркасын уурдоого аракет жасаган

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 463 | 0

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 31-январында, “Манас” аэропортунун учуу залынан Бишкек-Үрүмчү багыты менен уча турган М.М. аттуу Кытай жараны мыйзамсыз почта маркаларын алып жүргөндү боюнча кармалган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүү учурунда 6 альбомдо 1377 даана ар кайсы мамлекеттин ар кайсы жылдарда чыгарылган почта маркалары табылган.

Бул факт 2019-жылдын 31-январь күнү Малыматтарды каттоо журналына катталган.

Материалдар Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн тииштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM