Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ катуу суука даяр

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 529 | 0

Бишкек жылуулук борбору катуу суука даяр. Эгер абанын температурасы дагы төмөндөсө үч от казан ишке кирет. Бул тууралуу Электр станциялар ачык акционердик коому кабарлады.

Азыркы тапта ЖЭБ баардык чыңалууну көтөрүүгө даяр турат. Көмүр кампасында 249,5 миң тонна кара алтын бар. Суткасына 4,8миң тонна көмүр жагылат.

Суунун температурасы болсо 75 градусту түзүүдө.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -7  -11 градус болоору күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM