Биз менен байланышыңыз

Мектептеги ысык тамак үчүн мамлекет жылына 475 млн сом бөлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2019 | 2637 | 0

Республика боюнча 1371 мектептин окуучуларына ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык мектептерде мамлекеттен берилген акчага ысык тамак берсе болот. Бирок мекемелерде санитардык шарттар түзүлбөгөндүктөн таттуу токоч менен чай берилет.

Мамлекет балдардын ысык тамагына жыл сайын 475 млн сомдун тегерегинде каражат бөлөт. Башкача айтканда, ар бир балага күн сайын 7 сом каралат, ал эми тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларына 10 сомдон бөлүнөт. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча каражат берет.

Бишкек менен Ошто окуучулардын ысык тамагын шаардык мэрия же жергиликтүү бийлик каржылайт. Бишкек бийлиги ар бир окуучуга күн сайын 14 сом бөлсө, Ошто 7 сомдон каралган.

Мыйзамда 7-10 сомго окуучуларга таттуу токоч жана сүттү чай берилери жазылган. Бирок 2013 жылы мектеп программасын жакшыртуу долбоору ишке кирген. Ага ылайык, учурда республикадагы мектептердин 60,6 пайызында окуучуларга ысык тамак берилүүдө.

“Азыр донорлордун жардамы менен мектептерге тамак-аш даярдоочу электр жабдыктарын берип жатабыз. Ал үчүн жергиликтүү бийликтин эсебинен ашканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, суу киригизилип, бардык шарттар түзүлүп жатат. 7 сомго күн сайын эт менен тамак беребиз деп айта албайм. Бирок 2 күн ботко, калган күндөрү жакшыртылган тамак берүүгө болот», — дейт Мусаева.

Анын билдиргенине караганда, окуучуларга берилчү тамак-аштын тизмеси Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин адистери тарабынан даярдалат.

Copyright © 2017 Maral FM