Биз менен байланышыңыз

Трамп Конгресске президенттик салттуу кайрылуусун жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 527 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Эл өкүлдөр палатасында «Өлкөнүн азыркы абалы тууралуу» (State of the Union) кайрылуусун жасады. Мындай кайрылуу Американын Конституциясы менен шартталган салттуу иш чара болуп саналат. Жорж Вашингтондон башталган саамалык ар жыл январь айында Конгрессте өтөт. Анда өлкө башчы Американын акыркы абалы тууралуу билдирүү жасайт.

Президент Трамп өзүнүн кайрылуусунда депутаттарды саясий биримдикке чакырып, учурдагы саясий туңгуюктан ынтымакта гана чыга алышарын билдирди.

«Биргеликте эски ажырымдарды жеңип өтүп, эски жараларды айыктырып, жаңы биримдиктерди түзө алабыз. Американын келечегин ачкан чечимдер биздин колубузда»,-деди ал.

Конгресстин төрагасы, демократ Чак Шумер анын кайрылуусун кулкүлүү деп баалады.

«Президент ар жылдын башындагы «Кайрылуу күнүндө» биримдик түштөрүн көрүп ойгонот окшойт. Анан калган 364 күнүн бизди бөлүп-жаруу жана жикчилдик билдирүүлөрү менен өткөрөт»,-деди ал.

Трамп Кайрылуусунан бир нече саат мурун эле Конгрессте үстөмдүк кылган Демократиялык партиясынын лидерлерине карата шылдыңдоочу акаарат сөздөрдү айткан болчу.

Ал Конгресстин спикери Чак Шумерди «жийиркеничтүү»деп сыпаттаган.

Эске салсак, акыркы үч айда Америка саясий кризистин туу чокусуна жетти. Трамптын АКШ-Мексика ортосуна курууну каалаган бетон дубалы үчүн каражат бөлбөгөн парламентке каршы ал 2019-жылдын бюджетине кол койбой турат. Мунун айынан бир нече министрлик ишиш токтотуп, өлкө тарыхындагы эң узак «шатдаун» орун алды. Эки апталык шарт менен ишке чыккан өкмөт февралдын ортосуна чейин тараптар бир пикирге келе алышпаса, кайрадан жабылары кутүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM