Биз менен байланышыңыз

Ош аэропорту иштеп баштады

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 397 | 0

Ош аба майданында текшерүү иштери аяктап, иш башталды. Бул тууралуу “Манас” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал жакка бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат 5-февраль күнү саат 18:46да келип түшкөн. Жүргүнчүлөр жана кызматкерлер укук коргоо органдары тарабынан эвакуацияланып, текшерүү иштери жүргөн. Саат 21:26да аба майдан иштеп баштаган.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 14:41де Бишкектеги “Манас” аба майданында жардыргыч коюлганы кабарланган. Күч органдары эвакуациялоо иштерин жүргүзүп, текшерүүгө алган. Жыйынтыгында, эч кандай бомба чыкпагандыгы, жалган маалымат берилгендиги маалым болду.

Улуттук коопсуздук комитети билдирүү Кыргызстандагы бир авиакомпаниянын электрондук дарегине келгендигин, алдын ала божомол боюнча чет жерден келгендигин айтууда. Жалган маалымат берген жаранды издөө иштери да жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM