Биз менен байланышыңыз

2018-жылы Финполиция бюджетке 4 млрд 351,6 млн сом кайтарган

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 542 | 0

2018-жылы Финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 млрд 351,6 млн сом кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынында маалымдалды.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берип, анда 2018-жылы финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 млрд 351,6 млн сом кайтарылганын билдиришти.

Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 млн сомдон ашуун каражат которулган.

Copyright © 2017 Maral FM