Биз менен байланышыңыз

Исаков: Кыргызстанда беткапты өндүрүү пландалууда

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 648 | 0

Кыргызстанда беткап өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Исаковдун айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы өлкөдөн 1,5 млн даана беткапты чыгаруу боюнча фактыны аныктаган. Учурда аны конфискация кылуу иштери жүрүүдө, кийин медициналык мекемелерге жиберилет.

«Учурда беткаптарды өндүрүү боюнча жабдууларды өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө«, — дейт Исаков.

Ал белгилегендей, учурда саламаттык сактоо уюмдарында 468 миң 176 беткап бар.

Copyright © 2017 Maral FM