Биз менен байланышыңыз

Ош: Өзүн милиция кызматкеримин деп акча талап кылган жаран кармалды (видео)

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 475 | 0

Ош облусунда өзүн ички иштер министрлигинин кызматкеримин деп тааныштырып, 1 миң доллар талап кылган С.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кармалган жаран К.М. аттуу жарандан акча талап кылып, болбосо кылмыш ишин козготом деп коркуткан.

Факт боюнча милиция талап кылган акчаны дагы даярдашкан. Бирок акыркы учурда алдамчы кызматкер акчаны колдон алуудан баш тартып, банктагы эсебине которууну талап кылган.

16-январда С.Б аттуу жаран Оштогу соода түйүндөрүнүн биринен  банктык картасына которулган 69 750 сомду чыгарып алгандан кийин кармалып, анын учурда эч жерде иштебей тургандыгы, мурдагы ички иштер органдарынын кызматкери экени аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Copyright © 2017 Maral FM