Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Финансылык полициянын ишин сындады

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 785 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтынын ишин сындады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынында Вице-премьер-министр жалпысынан аткарылган иштер жетиштүү эмес деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

«Коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Эмне себептен финансылык полиция органдары тарабынан анын деңгээлин кыскартуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калууда», – деди Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Мындан сырткары Жеңиш Разаков финансылык полициянын аймактык органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана КММ аткезчилик кылууга бөгөт коюу жаатындагы кемчиликтерге токтолду.

Ошондой эле финансылык полициянын өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ички көзөмөлгө алууну боюнча жетишсиз иш жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM