Биз менен байланышыңыз

Коңшу Өзбекстан Пакистандан картөшкө алат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 1496 | 0

Картөшкө сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган эмес. Бул тууралуу Centralasian сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышат.

«Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттоо каалоосун билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картөшкө жетиштүү», — деп билдиришкен булактар.

Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 100 миң тоннадан ашык картөшкө сатылбай турганын айткан.

Эске салсак, былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сом болууда.

Copyright © 2017 Maral FM