Биз менен байланышыңыз

ЕККУ Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 521 | 0

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Дастанбек Жумабеков парламенттик демократиялык өнүгүү үчүн бул жаатта ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекеттердин тажрыйбасы өтө зарыл экендигин белгиледи. Айрыкча, ЕККУнун алкагында адам укугун коргоо багытында кызматташууга талап жогору экендигине токтолуп:

Биздин башкы максатыбыз демократиялык баалуулуктардын чегинде, парламентаризмди өнүктүрүү” – деди Жумабеков.

Өз кезегинде Пьер фон Аркс Кыргызстан Орто Азиядагы чыныгы демократиялык өлкө экенин билдирип:

Жарандык коомдун күчтүүлүгү, көп партиялуулук жана парламенттин ишинин ачык-айкындуулугу жогору баага татыктуу”, – деди. Ошондой эле ЕККУ Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча байланышты арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM