Биз менен байланышыңыз

Исаковдун иши Башкы прокуратурага өттү

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 505 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган Сапар Исаковдун ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу айпталуучунун адвокаты Нурбек Токтакунов фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында Башкы прокуратура 5 күндүн ичинде иш боюнча материалдар менен таанышып чыгып, айыпты бекитет. Андан соң сотко жиберет. Сот 10 күндүн ичинде баштапкы уктурууларын өткөрөт.

“Менин эсебим боюнча баштапкы уктуруулар 20-февралга жакын өткөрүлөт”,-деп жазган айпталуучунун адвокаты Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке шектелип 5-июнда камакка алынган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM