Биз менен байланышыңыз

6-февралга карата аба ырайы

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 474 | 0

Кыргыз гидромет борборунун маалыматына ылайык, 6-февралда өлкөнүн басымдуу аймагында кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Ал эми тоолуу райондордо кар күрткүсү болуусу ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетсе, Чүй, Нарын жана Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде 17-22 метрге чейин согушу күтүлүүдө.

Абанын табы:

Ош, Жалал Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүзү -1…+4 градус;

Чүй жана Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүзү -5…-10 градус суук;

Тоолуу Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүзү -8…-13 градус суук;

Ысык-Көлдө болсо түнкүсүн -4…-9, кундүзү 0…-5 градуска жетери кутүлөт.

Тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, кундүзү -12…-17 градус суук болот.

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, кундүзү -7…-9 градус суук.

Copyright © 2017 Maral FM