Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 597 | 0

Экстремисттик материалдарды интернетке таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын паспорту менен камсыз кылып турган жаран кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, ал С.А. аттуу жаран болгон.

Ал берген документ менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. да кармалды. Шектүү террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Аларга прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар УКМКнын Тергөө-камак жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM