Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан аба жолдору Европанын кара тизмесине кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 581 | 0

Европанын авиация коопсуздугу боюнча агенттиги (EASA) Түркмөнстан аба жолдорунун учактарына Евробиримдиктин аймагында учууга тыюу салды. Буга компаниянын учактарынын коопсуздук стандарттарына жооп бербегени себеп болду. Бул тууралуу европалык басылмалар жазды.

Түркмөн аба жолдорунун учактары менен Ашхабад аркылуу Лондон-Индия ири аба рейси каттачу. Биримдиктин тыюусунан кийин дээрлик 5000 жүргүнчү жабыр тартты. Алар билеттерди алдын ала сатып алып, уча албай калышкан.

Британ жарандык авиация башкармалыгы аталган компаниянын учактары менен баргандар кайра өз алдынча кайтуусу керектигин жарыялады. Банктык эсептери аркылуу билет сатып алгандар болсо каражаттарынын кайтарымы боюнча банктарына кайрылууларын сунуштады.

Түркмөнстан аба жолдолру болсо алигүнчө билеттерин сатууну улантууда. Окуя боюнча эч кандай билдирүү тараткан жок.

Эске салсак, компаниянын базасында 20 даана Боинг үлгүсүндөгү учактар болуп, эл аралык каттамдарга Боинг 757-200, Боинг 737-800 жана Боинг 777-200LR учактары колдонулчу.

Copyright © 2017 Maral FM