Дыйкандар, багбандар сууну жаратылыш ресурсу катары сатып албайт. Алар бекер кодонот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бак-дарак тилкелери бар жарандар, багбанчылык кылгандар сууну жеткирүү кызматы үчүн гана акы төлөйт.
Сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда, балык өстүрүүдө, калктын ичүүсү жана керектөөлөрү үчүн суу алууда, спорт, эс алуу жана туризм, бюджеттик мекемелер суу ресурсуна болгон төлөмдөн бошотулат.
Ал эми суу өнөр жай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат.
«Тоо-кен тармагында аябагандай көп ишкана иштейт. Алар көп суу колдонуп, экологияны бузуп жатат. Андыктан сууга акы төлөшү керек. Дыйкандарга суудан акы алынбайт. Мурда сууну жеткирүүгө гана акы төлөчүбүз. Эми коммерциялык багытта, өндүрүш тармагында иштеген мекемелер сууну товар катары сатып алат. Суу ресурсуна болгон төлөмдөн түшкөн каражат бюджетке түшөт. 2017-жылы өкмөттүн ирригация системасын өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программасы бекитилген. Ал жерде 58 млрд сомдук жумуштар аткарылат. Суу ресурсуна болгон төлөмдөн түшкөн акча бюджеттин эсебинен ошол жакка жумшалат деген ойдобуз. Уюштуруу иштеринин баары өкмөткө жүктөлүүдө. Өкмөт демилгелеген сон акы алуунун шарттары, иштөө механизмин дагы иштеп чыгат», — дейт Назаров.
Белгилей кетсек, өкмөт сууну товар катары сатуу үчүн «Суу кодекси» жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору 4-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 3-окууда жактырылган.