Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Мамлекет аз да болсо партияларды каржылашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 517 | 0

Бийлик шайлоого бара турган партияларга бирдей шарт түзүп бериши керек. Шайлоодо байлардын партиясы өтсө кедейлердин партиясы нааразы болот, же тескерисинче. Мындан улам мамлекет аз да болсо партияларды каржылашы зарыл. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык партиялар үчүн мамлекеттик телеканалдардан бирдей убакыт берилсе, эл терең ойлонуп жакшысын тандайт.

«Азыр эл Куран окуткан жерде да саясатты сүйлөп калды. Алардын аң-сезими өзгөрүп жатат. «Биз ал партияны сатып алганбыз» дешет экен. Шайлоо калыс болуп, эл анын жыйынтыгына ишенмейинче, түрдүү ойлор айтыла берет. Мурдагы революцияларга шайлоолордун таасири да болгон. Шайлоого тийиштүү мыйзамдар чечилгенде парламентке калыс депутаттар келет. Ишкерлердин укугун коргоо боюнча мыкты мыйзамдар кабыл алынса, алар коркпой сырттан инвестиция тартып иштешмек. Мамлекет ушуга кепил болгон учурда ЖКга татыктуу депутаттар келет«, — дейт Арабаев.

Ал буга кошумча, ЖК депуттарынын ишеним кат аркылуу биринин ордуна башкасы добуш бергени туура эмес экенин айтып, эл өкүлдөрү укугун билип, милдет менен жоопкерчиликке келгенде унчукпай калып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM