Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан паспорттор индекси боюнча 76-орунду ээледи

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 504 | 0

Кыргызстандын жарандык паспорту 2019-жылдын дүйнө жүзү боюнча эң таасирдүү документтеринин рейтингинде 76 орунда турат. Бул тууралуу Henley & Partners компаниясынын жаңы паспорттор индекси  боюнча изилдөөсүнүн негизинде жарыяланды. Инднексте 200дөн ашуун өлкөлөрдүн виза берүүнүн жол жобосу иликтенген.

Кыргызстан  өткөн жылы дагы 76 орунда болгон. Коңшу өлкөлөр боюнча айта турган болсок, Казакстан 67- орунда, Өзбекстан жана Тажикстан 80- орунда турат.

Henley & Partnersтин рейтинги боюнча Япония биринчи орунда турат. Экинчи орунда Сингапур жана Түштүк Корея. Ал эми үчүнчү орунда Франция менен Германия турат.

Бул көрсөткүчтөрдү жаңы муундун инструменттерин колдонуу менен жакшыртууга болот.  Жакшыртуулар мамлекеттин имиджине таасир этип, жөнөкөйлөтүлгөн виза алууга жана чет өлкөлөргө барууга өбөлгө болушу мүмкүн экенин белгилей кетүү керек.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы жасалма документтердин алдын алуу максатында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берген  электрондук паспорту киргизүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM