Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сириядагы террордук уюмга тиешеси бар жаран кармалды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 495 | 0

1- февралда Улуттук коопсуздук кызматы Сириядагы согушка аралашкан деген айып менен  Х.Т. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иликтөөнүн негизинде Х.T. 2014-жылы мыйзамсыз түрдө жасалма паспорт менен Түркияга учуп, андан соң Сирияга барып материалдык-техникалык базага кошулган.

Кармалуучу аз эле убакыттын ичинде террордук уюмдун активдүү мүчөсү болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө  каршы активдүү күрөшкөн. Кийинчерээк ал Сирияга жоокерлерди жиберүү үчүн жоопкерчиликтүү адам катары Түркияга которулган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Ал 1977-жылы туулган жана буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси боюнча соттолгон.

Кылмыш жаза кодексинин 395-беренесинин (“Жалдануу”) 2- бөлүгүнүн негизинде аталган кылмыш иши боюнча УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM