Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда соңку жылдары орус тилине кызыккандар көбөйдү

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 1016 | 0

Соңку жылдары Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу көбөйдү. Бул тууралуу Орусиянын Билим берүү министри Ольга Васильева айтты. Орусиянын билим берүүчү порталындагы материалдарды колдонгондордун саны 37 миңге жеткенин белгиледи. Ал Орусияга иш сапары менен барган Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен жолукту. Анда Васильева 2-3 жылда орус тилинен олимпиадага катышкандардын көбөйгөнүн да маалымдады. Анын айтымында, олимпиадага катышкан кыргызстандыктардын саны 70тен 200гө чейин өскөн.

Министрлер мигранттардын балдарын окутуу жана мугалимдердин адискөйлүгүн жогорулатуу боюнча да сүйлөшүштү. Гүлмира Кудайбердива жолугушууда Кыргызстанда Орусияны стратегиялык өнөктөш катары кабыл аларын жана билим берүү тармагында кызматташууга даяр экенин айтты.

-Биз окуучулардын математикалык жана табийгый илимдер боюнча билимин, мугалимдердин адискөйлүгүн жогорулатууга басым жасап жатабыз.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мыкты окуган 100 кыргызстандык окуучуну Орусиядагы Артек борборунда эс алууга мүмкүнчүлүк берилди.

Copyright © 2017 Maral FM