Биз менен байланышыңыз

«Жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер башкача тартипте иштейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 583 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаары боюнча 42 кесилишке камера коюлат. Алар баары болуп 84 чакырым узундуктагы жолду көзөмөлдөйт. Бул шаардын 4 гана пайызын түзөт. Мындай маалыматты Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камералар коюлганына байланыштуу жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер башкача тартипте иштеп баштайт. Кызматкерлер камера коюлбаган жерлерди көзөмөлдөйт. Алар камера аныктаган эрежеге бузууларга кийлигише албайт.

Айып пулду убагында төлөгөн айдоочулар белгиленген өлчөмдөгү айып пулдун 50 пайызын төлөйт деген токтом учурда Жогорку Кеңеште каралууда. Айып пулдун төлөө мөөнөтү эреже бузуу боюнча токтом почта аркылуу унаа ээсинин дарегине жеткирилген соң гана эсептелип баштайт. Башкача айтканда, камера эреже бузууну тарткан учурда дароо эсептелбейт. Камера тарабынан белгиленген эреже бузууну операторлор так изилдейт. Баары изилденген соң протокол толтурулат. Түзүлгөн протоколдон кызматкерлерге бонус каралган эмес», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM