Биз менен байланышыңыз

3-февралда күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 574 | 0

Жекшемби, 3-февраль республиканын айрым аймактарында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтулөт, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй  облусунда  +3…+8 градус, Таласта +4…+9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө —0…+5 грудас жылуу, Нарын жергесинде —2…-7 градус суук болот.

Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы +6…+8 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM