2018-жылы Кыргызстанда төрөттөн 42 аял каза болгон. Бул тууралуу «Республика – Ата Журт» фракциясынын бүгүнкү отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
2018-жылы төрөт учурунда 42 аял каза болсо, 2017-жылы 52 аял каза болгон.
Ошол эле учурда расмий маалыматтар боюнча бир жыл аралыгында ымыркайлардын өлүмү 1,2 пайызга кыскарган.