Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда таза сууга жетпеген айылдар көп

Коом | 1 Фев 2019 | 901 | 0

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун бир канча айылдарында таза суу маселеси дагы деле курч маселе бойдон калууда. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагында эле 3 айыл таза суу менен камсыз болбой келет. Сырт айылынын жашоочулары таза суунун жоктугунан арыктагы сууну пайдаланышат. Ошол эле арыктан мал жандыктары да суу ичет. Аймактарды өнүктүрүү жылында да таза сууга жетпедик деген айыл тургундары быйылкы жылы жергиликтүү бийлик таза суу менен камсыз кылышын талап кылышууда.

Мастура Боркошова эртең менен таң атпай чакаларын көтөрүп таза суу алып келгени шашат. Анткени арыктагы суу булганып түштөн кийин ичүүгө болбой калат. Жайкысын анчейин деле түйшүк жаратпайт. А кышкысын кар калың жааган учурда ылдыйдан суу ташып келүү биртоп эле кыйын.

 -Сууну алыстан ташып ичебиз. Кышкысын жол тайгак болуп, кар калын жааса аябай эле кыйналабыз. Эрте менен сууну ташып калбасак булганып калат. Анткени кирди да ушул сууга жуушат. Малды да ушул сууга сугарышат.

Ал эми бул маселе боюнча Бирлик айыл аймагынын башчысы Жээнбек Маккамбаевге кайрылганыбызда Сырт айылындагы таза суу маселеси боюнча планга бекитилгенин бирок каражат жоктугунан, иш токтоп турганын айтты. Үстүбүздөгү жылда толук кандуу болбосо да, айылдын жарымы таза суу менен камсыз болот дейт.

-Сырт айылы биздин айыл өкмөттөгү эң чоң айыл болгондуктан учурда таза суу көйгөй жаратып турат. Маалым болгондой каналдан келген сууну бүгүнкү күндө таза суу, сугат суу катары да пайдаланып келишет. Таза суу тартыш үчүн долбоордорду иштеп, каржы жаатын караштырып жатабыз. Быйылкы жылда толугу менен чечип бере албасак да жарымын чечкенге аракет кылабыз. Анткени Сырт айылы чоң болгондуктан таза суу үчүн эң аз дегенде 10-15 млн сомдун тегерегинде акча керектелет.

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагында 13 миңден ашуун калк жашайт. Айыл аймакта жалпы 11 айыл болсо, 8 айыл таза суу менен камсыз болгон. Ал эми учурда 3 айыл таза сууга жетпей келет.

Copyright © 2017 Maral FM