Биз менен байланышыңыз

Украинанын президенттигине талапкерлердин сап башында шоумен келатат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 600 | 0

Украинанын президенттигине талапкерлердин арасында шоумен, актер Владимир Зеленский алдын ала сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча эң алдыда келе жатат. Ага сурамжылоого катышкандардын 19%ы добуш берерин айтышкан. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Буга чейин эң көп колдоолорду алып келе жаткан мурунку премьер-министр Юлия Тимошенко 18,2% менен экинчи орунда. Ал эми учурдагы президент Петр Порошенко 15% добуш менен үчунчү орунда калды.

Адистердин айтымында бул көрсөткүч украиналык шайлоочулардын көнүмүш партияларга же саясатчыларга карата ишениминин кеткендигин билдирет.

Бирок Зеленскийдин шайлоодон утарына көпчүлүк ишенбейт. Анткени анын саясий колдоосу жок.

Эки айдан кийин, 31-март күнү өтө турган шайлоого талапкерлердин саны рекорддук чекке жетти. Борбордук шайлоо комитети бүгүнкү күнгө карата 26 каалоочуну каттады.

Эске салсак, талапкерлердин арызын кабыл алуу 10-февралда аяктайт. Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы элдин добуш берүүсү менен шайланат.

 

Copyright © 2017 Maral FM