Биз менен байланышыңыз

Латвия «РТР-Россия» телеканалына тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 628 | 0

Орусиялык «РТР-Россия» телеканалы Латвиянын Электрондук ММКлар боюнча улуттук кеңеши (NEPLP)  тарабынан жазаланып, үч ай өлкө аймагында көрсөтүлбөй турган болду.  Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиялык канал улут аралык жек көрүүчүлүктү козутууга айыпталууда.

NEPLP төрагасынын орун басары Иварс Аболиньш бул чечимди: «Латвия Кремлдин пропагандасына чыдабайт. Биз маалымат айдыңын коргоп келгенбиз жана коргой беребиз», деп түшүндүрдү.

Мыйзам бузуулар «Вечер с Владимиром Соловьёвым» жана «60 минут» көрсөтүүлөрүндө аныкталган.

Мекемеге кайрылган эксперттер бул программалар Украина жарандарына карата жек көрүүчүлүк сезимдерди козутууда деп эсептешет.

Эске салсак, ушундай эле жүйө менен 2015-жылы Литва дагы «Рен ТВ Балтия» телеканалын үч айга көрсөтүүгө тыюу салган. Комиссия бул телеканалдын «Теория заблуждений» программасынан “согуш жана жек көрүүчүлүктү тутантуу белгилерин” тапканын ырастаган.

Copyright © 2017 Maral FM